Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 04:08

Ошто Келдибековду колдогон митинг болот


Ош шаарындагы борбордук аянтта бүгүн камактагы депутат Акматбек Келдибековду колдогон митинг болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын Оштогу координатору Дарыя Шабданова билдирди. Учурда Алайдан келчү колдоочуларды күтүп атышат.

Митинг өткөрүү жөнүндө мэрияга жана шаардык Ички иштер башкармалыгына кабарланган. Бул маалыматты калаа милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков да тастыктады. Анын айтымында, митинг түшкө жуук башталышы күтүлүүдө. Учурда аянтта эч ким жок. Абалга күч кызматкерлери көз салып турат.

Келдибеков коррупциялык иштерде күнөөлөнүп, 20-ноябрда кечке жуук УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Буга нааразы болуп 21-ноябрда Алайда 200 чамалуу киши Ош-Эркеч-Там жолун буушкан. Бишкекте 100дөй адам Ак үйдүн жанына нааразылык акциясына чыгышкан.

Келдибековдун баш коргоо чарасы бүгүн каралат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG