Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

БУУдагы кыргыз өкүлү маңзат маселесин көтөрдү


Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Таалай Кыдыров Ооганстандан эларалык куралдуу күчтөр чыгып кеткенден кийин Кыргызстан үчүн олуттуу кыйынчылыктар жараларын айтты. Мындай пикирин 21-ноябрда уюмдун Генералдык Ассамблеясында сөз сүйлөп жатып билдирди,

- Айрыкча, ооган жергесинде өстүрүлүп жаткан чийки маңзат жеке эле Кыргызстандын коопсуздугуна эмес, бүтүндөй Евразия чөлкөмүнө чоң коркунуч жаратууда. Кыргызстан аркылуу “Түндүк каттам” деп аталган аймактык маңзат ташуу жолу өтөт. Маңзатка каршы күрөш жүргүзүлгөнү менен анын тамыры толук кыркылган жок, - деди Кыдыров.

Ошондой эле ал эларалык куралдуу күчтөр чыгып кеткенден кийин Ооганстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарылдыгын баса белгилеп, электр энергиясын экспорттоо, темир жол байланышын куруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу керектигин айтты. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG