Кант шаарында 21-ноябрда өткөн мэр шайлоодо КСДПнын мүчөсү Эркин Абдырахманов 16 добуш менен жеңип чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Мэрлик кызматка 4 адам ат салышкан. Алар: КСДПдан Эркин Абдырахманов, СССР партиясынан Бакыт Жунушов, “Ак шумкар” партиясынан Курманбек Молдокулов, "Ата-Мекен" партиясынан Бакаш Кожегулов.
Шайлоо эки тур менен өттү. Биринчи турда жеңип чыккан Абдырахманов менен Молдокулов экинчи турга өткөн.
Калаа башчысын шаардык кеңештин 31 депутаты шайлады. Кеңештеги коалициялык көпчүлүктө КСДП, "Ата Мекен" жана "Ак Шумкар" бар. (SE)