Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

Келдибеков абактагы абалга канааттанат


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков УКМКнын абагында ага карата мамиле канааттандырарлык экенин айтты. Мындай пикирин ал Акыйкатчы институтунун өкүлү Камалидин Жапаров менен 21-ноябрь күнү жолуккан учурда билдирген. Бул тууралуу Омбудсмен институтунун басма сөз кызматы маалымдады.

Келдибековдун адвокаттарынын бири Азимбек Бекназаров да “Азаттыкка” муну тастыктады. Анын айтымында, учурда депутат атайын кызмат өкүлдөрүнө сурак берүүдө.Баш коргоо чарасы бүгүн аныкталат.

Келдибеков коррупциялык иштерде күнөөлөнүп, 20-ноябрда кечке жуука кармалган. Ал өзүнүн күнөөсүз экенин айтууда. "Ата-Журт" партиясынын саясий кеңеши Келдибековдун кармалышын - саясий куугунтук деп атады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG