Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Оштогу митингге Ташиев катышат


Депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин Ошто өтүп жаткан митингине "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев катышат. Ал бүгүн Бишкектен Ошко жөнөп кеткенин “Азаттыкка” партиянын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

Ошто ушул тушта Келдибековдун бошотулушун талап кылган митинг башталды. Анын тарапташтары борбордук аянтка чогулуп жатканын партиянын аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бул маалыматты шаардык милициядан да тастыкташты.

21-ноябрь күнү депутаттын Алайдагы тарапкерлери Ош-Эркеч-Там жолун Гүлчө айылына кире бериштен бууп, кечке жуук ачкан болчу. Бүгүн абал тынч экенин район акими Таалайбек Сарыбашев “Азаттыкка” айтты.

Келдибеков коррупциялык иштер боюнча күнөөлөнүп, 20-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Баш коргоо чарасы бүгүн каралат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG