Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

“Дастан” ишканасындагы өрт бир өмүрдү жалмады


Бишкектеги “Дастан” ишканасында өрт чыгып, бир адам каза болгонун “Азаттыкка” шаардык өрт кызматынан билдиришти. Каза тапкан адам 35-40 жаштарда. Аты-жөнү жана өрттүн себептери такталууда.

Кырсык бүгүн – 22-ноябрда, эртең мененки саат 5:30дар чамасында Абай көчөсүндөгү 12-“Б” дарегинде болгон. Өрттөн имараттын 2 кабатынын полу жана буюмдар күйгөн. Чыгымдарды тактоо иштери уланууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG