Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Кулмурзаев: “Кыргызгаз” сатылса, Кыргызстан утат


“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев мекемени “Газпромго” сатуу Кыргызстанга пайда экенин айтты. Бул пикирин 22-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эгер сатылса, “Газпром” 5 жыл ичинде Кыргызстанга 640 млн. АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салат.

- Бул сумма бардык облустарды көгүлтүр от менен камсыздоого, түтүктөрдү ремонттого жумшалат. Газ да өчпөйт. Мекеменин азыр 2 миллард 4 миллион сом карызы бар. Жаңы жылга чейин депутаттар бул келишимди колдоп беришине ишенем,- деди Кулмурзаев.

“Кыргызгазды” карызы менен шарттуу түрдө 1 долларга Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге быйыл июнда Москвада кол коюлган. Ага Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары каршы пикирин билдирип келет.

Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпром” ишканасына өткөрүлүп берилет. “Газпромго” таандык болуучу жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иштейт.

“Кыргызгаз” өлкөнү газ менен камсыз кылчу жападан-жалгыз ишкана. Анын 90 пайыздан ашуун үлүшү мамлекетке таандык, калган бөлүгү жеке жактарга тиешелүү. Кыргызстан аймагында 3574 чакырым газ түтүгү бар. Өлкө аймагында жылына 1 млрд. куб метр газ пайдаланылат. (SE\ZB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG