Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Ош: митингге чыккандар азайды


Оштун борбордук аянтына митингге чыккандар. 22-ноябрь, 2013-жыл

Оштун борбордук аянтына митингге чыккандар. 22-ноябрь, 2013-жыл

Байкоо салып тургандардын жана милициянын маалыматы боюнча, ушул тапта Оштун борбордук аянтында 200 чамалуу киши бар. Уюштуруучулар депутат Келдибековду колдоп, митингге чыккандардын көбү жума намазга, айрымдары түшкү тамактанууга кеткенин кабарлашты.

Буга чейин уюштуруучулар нааразылык митингине миңден ашуун, милиция болсо
500 чамалуу киши катышып жатканын кабарлаган. Митинг учурунда Келдибековдун жакындары депутат коё берилбесе, Кыргызстандын негизги жолдорун бууй турганын эскертишти. Акцияга “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да катышууда.

Келдибековдун баш коргоо чарасын ушул тапта Бишкектеги Октябрь райондук соту жабык карап жатат.

Коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен Келдибеков Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Буга нааразы болгон 200дөй адам 21-ноябрда Ош-Эркеч-Там жолун Гүлчө айылына кире бериштен бууп, кечке жуук ачышкан. Ак үйдүн жанында да 100дөй адам пикет өткөргөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG