Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Латвияда соода борборундагы кырсыктан өлгөндөрдүн саны 32 адамга жетти


Ригадагы "Максима" соода борборунун чатыры урап калгандан кийинки көрүнүш, 22-ноябрь, 2013.
Ригадагы "Максима" соода борборунун чатыры урап калгандан кийинки көрүнүш, 22-ноябрь, 2013.
Ригадагы чоң дүкөндөрдүн биринин чатыры кечээ кечинде эл дүкөнгө көп чогулган маалда түшүп кеткен. Куткаруучулар азыр да урандылар астынан адамдарды издеп жатышат. Бийликтер элди кан тапшырууга үндөштү. Өлгөндөрдүн үчөө өрт өчүргүчтөр экени айтылды. Кеминде 36 адам жаракат алган. Кырсыкка эмне себеп болгону дале иликтенип жатат, бирок расмий өкүлдөр дүкөндүн чатырында кышкы бакчаны курулушу жүрүп жатканын кабарлашты. Имарат эки жыл мурун курулган. Өлкөнүн ички иштер министри Рихардс Козловскис “курулуш эрежелерин сактоодо проблемалар бар экенин” билдирди.

XS
SM
MD
LG