Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Келдибеков эки айга камалды


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков УКМК тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн кабыл алды.

Сот жабык өтүп, ага парламенттен барган депутаттар да киргизилген жок.

Коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен Акматбек Келдибеков 20-ноябрда камалган. Анын бошотулушун талап кылган 700 чамалуу адам ушул тушта Оштун борбордук аянтында митинг кылууда. Нааразылык акциялары 21-ноябрь күнү Бишкекте жана Алайда өткөн. (SE\JaK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG