Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:03

Ажылыкка жөө кеткен он адамдан дайын жок


Кыргызстандан ажылык сапарга жөө кеткен он адамдын дайыны жок болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” сапарга чыгып кеткендердин жакындары айтышты.
Маалыматка ылайык, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан он адам ушул жылдын август айында ажылык сапарга жөө жөнөшкөн.

Бул кабарды Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков да тастыктап, кеткендер тууралуу ажыга барып келгендерден сурашканын, бирок алардын эч кимиси көрбөгөнүн билдирди.

Муфтияттан маалымдашкандай, сапарга жөө аттанууга уруксат берилген эмес, бардык ажылардын учак менен гана баруусу талап кылынган.

Ажылыкка аттангандардын жакындары бул боюнча эч бир расмий органдарга кайрылыша элек. (SE\ZB)

XS
SM
MD
LG