Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

АКШ Кеннедини эскерүүдө


Өлкөнүн мурдагы президенти Жон Кеннединин өлтүрүлгөнүнүн 50 жылдыгында бүгүн мамлекеттик имараттардагы өлкө туулары түшүрүлдү. Президент Барак Обама бейшембини жалпы улуттук эскерүү күнү катары жарыялап, бул күн Кеннединин “өлкө тарыхында калтырган өчпөс изин майрамдоо күнү” деп билдирди.

Кеннеди 1963-жылдын 22-ноябрында Далласта атылган. Өкмөттүк комиссия президентти өлтүрүүгө Ли Харви Освальд деген мурдагы деңиз аскерин шектеп, Освальд кылмышты жалгыз жасаган деп тапкан. Шаршембиде президент Обама менен мурдагы мамлекет башчысы Билли Клинтон Арлингтон көрүстөнүндө Кеннединин мүрзөсүнө гүлчамба коюшту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG