Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

Ошто митингчилер Келдибековду бошотууну талап кылды


Оштогу митинг, 22-ноябрь, 2013.

Оштогу митинг, 22-ноябрь, 2013.

Оштун борбордук аянтына чогулгангандар Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков тез арада боштулбаса, жер-жерлерде нааразылык акцияларын башташаарын айтышты. Андан сырткары, Кумтөр маселесин чечип, мамлекеттке өткөрүү, «Кыргызгаз» ишканасын чет элдик компанияга сатпоо, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовду сот аркылуу кайрадан актоо, Сарууда нааразылыкка чыккандарга күч колдонгон укук коргоо кызматкерлерин сот жообуна тартуу боюнча кайрылуу кабыл алышты.

Келдибековдун бошотуу талабы менен чыккандар өлкөнүн негизги жолдорун торошорун эскертишти. Бүгүнкү митингге уюштуруучулардын айтымында, миңге жакын, милициянын жана байкоочулардын эсебинде, 500дөй киши катышып жатат.

Келдибековду УКМКнын тергөө абагына эки айга камоо чечимин бүгүн Бишкектеги Октябрь райондук соту чыгарган.

Коррупциялык иштерди жасаган деген айып менен Акматбек Келдибеков 20-ноябрда камалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG