Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Кыргызстандыктар жылына авиабилеттерге $450 млн. сарптайт


Ысык-Көл эл аралык аба майданы, Тамчы айылы.

Ысык-Көл эл аралык аба майданы, Тамчы айылы.

Кыргыз жарандары 2012-жылы авиабилеттерге 450 миллион доллар сарптаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетине шилтеме жасап, Борбор Азия авиация маалымат порталы (Central Asia Aero News) кабарлады. Портал Бишкекте 22-ноябрда өткөн "Ачык асман тартибин Кыргызстанда киргизүүнүн экономикалык сереби" деген изилдөөсүнө таянып, "Ачык асман" тартибинен өлкөнүн калкы гана утушка ээ болоорун жазды. Мисалы, "Манас" эл аралык аба майданы бир транзиттик же четке учкан авиажүргүнчүдөн орто эсеп менен 670–730 сом салык төлөмдөрүн жыйнайт.

"Туризм экспорту 67 миллион долларга чейин өсөт деген божомолдор бар. Өлкөгө келген туристтердин тең жарымы учак менен келет. Ал эми чет элдик инвесторлордун 85% түз аба каттамдардын көптүгү инвестиция салуунун негизги критерийлеринин бири деп эсептейт", – дейт изилдөөнүн автору Рахат Сабырбеков Борбор Азия авиация маалымат порталына. "Ачык асман" киргизилсе, жүргүнчүлөр жылына билеттерге 50 миллион долларга чейин каражат үнөмдөйт. Ал эми туристтердин саны арбып, андан 60 миллион доллар киреше түшөт. "Манас" аэропортунун салык жыйындары 5–7 миллион долларга чейин өсөт. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG