Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Келдибековдун жубайы күйөөсү куру дооматка калганын айтты


Депутат Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова күйөөсүн актоого бардык аракеттерди көрөрүн айтты. Келдибеков боюнча сот чечими уктурулгандан соң журналисттерге сүйлөп жатып, Токтоматова депутатты күнөөлөп жаткандар бул үчүн жооп берерин билдирди:

- Биз бардык байлыгыбызды пешене тер менен тапканбыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан айтылып жаткан мүлктөрдүн жарымынан көбү биздики эмес. Мен бул боюнча соттошуп, баарыңарга далилдейм. Күйөөмдү бул абалга салгандарды чөгөлөтөм,- деди Токтоматова.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге тиешеси бар деген айып менен 20-ноябрда камакка алынган. Анын Бишкекте, Ошто, Ысык-Көлдө ондогон мүлкү бар экени телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн.

Бүгүн Бишкектеги Октябрь райондук соту аны эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алды.

Келдибековдун жактоочулары Ошто нааразылык митингин өткөрүп, депутат бошотулбаса, өлкөнүн негизги жолдорун бууй тургандыктарын эскертишүүдө. (MiT/SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG