“Саргылтым ыңкылапчылардын коалициясы” коомдук уюмунун лидери Сергей Мельниченко сот 7-январга чейин аянтта чатырларды орнотууга тыюу салганын жазды. Өлкөдө ыңкылаптын тогуз жылдыгына карата массалык акциялар өтмөк. Анын үстүнө, өлкө Евробиримдик менен Ассоциативдик келишимден баш тартканы үчүн камактагы мурдагы премьер Юлия Тимошенко элди массалык нааразылыкка чакырган.