Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

1-Май райондук аскер комиссариатынын эки кызматкери пара менен кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Аскер комиссариатынын эки кызматкери аскерге чакырылган жарандан аскерге келүү мөөнөтүн узартып берүүгө 10 миң сом сурашкан. Алар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Ушул тапта 313-берене “опузалап пара талап кылуу” боюнча иш козголуп, ишти Аскер прокурору карап жатат. Аскер комиссариатынын бул эки кызматкери Ички иштер министрлигинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 3-4 күн мурда кармалган. (AzK)

XS
SM
MD
LG