Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Кара-Суу районунун тургуну баңгизат менен кармалды


Ички иштер министрлигинин “Азаттыкка” билдиришинче, жакында
министрликтин мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөш боюнча башкы башкармалыгына караштуу түштүк башкармалыгынын кызматкерлерине Ош шаарынын тургуну 5 жарым килограммга жакын баңгизатын “жолдон таап алдым” деп өз ыктыяры менен тапшырган.

Баңги затын текшере келгенде анын көлөмү 5 кг, 568 грамм апийим экени аныкталган. Анын кимге таандык экенин текшерип, иликтей келгенде баңгизатын мыйзамсыз сактоо боюнча мурда соттолгон карасуулук жаран кармалды. Анын үйүн тинтүү учурунда дагы 200 граммга жакын апийим табылган. Азыр ага “Банги затын сатуу максаты менен мыйзамсыз сактаган” деген 247-берене боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү башка адамдар дагы изделүүдө. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG