Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27
Латвияда бүгүн Ригадагы азык-түлүк дүкөнү кыйраганда каза болгон 52 кишини эскерип жатышат. Эскерүү үч күнгө созулмакчы.

Риганын Өрт жана куткаруу кызматынын маалымат катчысы Виктория Сембеле дагы кыйроо болушу мүмкүн болгондуктан, куткаруу иштери татаалдашып жатканын билдирди. Бейшемби күнү супермаркет эмнеден кыйраганы иликтенип жатат.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, дүкөндүн үстүндө кышкы бакча салынып жаткан. Полиция 2011-жылы салынган супермаркеттин архитектуралык пландалышында же курулушунда мүчүлүштүктөр кеткен болушу мүмкүн экендигин айтууда.

Бул Латвия 1991-жылы көз карандысыздык алгандан кийинки эң каргашалуу кырсык болуп калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG