Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Ысык-Көлдө "Достук күнү" фестивалы кайрадан жанданат


Этникалык топтор жана диаспоралардын “Достук күнү” фестивалын жандандыруу сунушун өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев колдой тургандыгын билдирди. "Этникалык каршылыктарды болтурбоо үчүн жаштарды достукка, ынтымакка тарбиялоо маанилүү маселелердин бири. Анткени Каракол шаарында көп улуттун өкүлдөрү ирегелеш жашайт. Алар облустун, шаарлардын, райондордун өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келүүдө", - деди ал.

Каптагаев Каракол шаарында Достук үйүн ачуу маселесин карап көрүүнү убада кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. (MK/AzK)

XS
SM
MD
LG