Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Сирияда 30га чукул киши набыт болгону кабарланууда


Сириянын түндүгүндө козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймакты бомбалоодо бери дегенде 29 киши набыт кеткенин Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө обсерваториясы билдирди.

Лондондо жайгашкан бул уюмдун жетекчиси Рами Абдуррахмандын сөзү боюнча, өлкөдөгү эң ири шаар болгон Алепподо сириялык согуш учактары оппозиция кармап турган оодандарды бутага алды. Бирок ал бомбалар киши котологон базарга түшүп, 14 кишинин өмүрү кыйылды деп ырастады. Анын сөзү боюнча, Ал-Баб деп аталган кошуна шаарды бомбалоодо дагы 15 кишинин каны төгүлдү.

Сириянын мамлекеттин сыналгысынан "Алепподо көптөгөн террористтер жок кылынды" деп кабарланды.

XS
SM
MD
LG