Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

БУУ Өзбекстанды кыйноону токтотууга чакырды


БУУнун Кыйноого каршы комитети Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын кескин сындаган отчетун жарыялады. Комитеттин мүчөсү, Грузиянын мурунку акыйкатчысы Георгий Тугуши өзбек өкмөтү бул көйгөйлөрдүн эч кайсынысын кабылдагысы келбей тургандыгын билдирди.

Өзбекстанды 1989-жылдан бери президент Ислам Каримов жетектеп келатат. Өлкө эң репрессивдүү мамлекеттердин бири деп саналат.

Өзбекстандын Улуттук адам укуктары борборунун төрагасы Акмал Саидов БУУнун кыйноо боюнча айыптоолору негизсиз жана "бир тарапка тарткан бейөкмөт уюмдардын маалыматына таянат" деди.

XS
SM
MD
LG