Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Келдибековдун тарапкерлери Ош-Эркечтам жолун буушту


Ушу тапта Алай районунун Сопу-Коргон айылынын тушунан коррупцияга шектелип камакка алынган Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибековдун тарапташтары Ош-Эркеч-Там жолун бууп турушат. Бул тууралуу уюштуруучуларынын бири Марипа Усманалиева билдирди. Анын айтымында акцияга 500гө жакын адам катышып, Келдибековду үй камагына бошотуу талабын коюшууда. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” жолдун буулган тастыктап, бирок акцияга 100гө жакын адам катышып жатканын билдирди.

Ал эми Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашевдин айтымында, азыр акция өтүп жаткан жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков УКМК тергөө абагына эки айга камалды. Мындай чечимди 22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Башкы прокуратура Келдибековду жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөн учурунда мамлекеттик казынага баш-аягы 30 миллион сомдук зыян келтирген деп айыптоодо.(BkA)

XS
SM
MD
LG