Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Өкмөт Кумтөр боюнча жаңы келишим даярдай баштады


Жаңы келишимди түзүү боюнча даярдык 23-ноябрда “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн түзүлгөн консультативдик кеңештин жыйынында талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Кумтөр кенин иштетүү боюнча учурда даярдалып жаткан жаңы келишимдин ар кыл варианттары жана биргелешкен жаңы ишкана түзүүнүн жол-жоболору каралды. Ошондой эле Кумтөр боюнча жаңы келишимди даярдоодо Кыргызстандын позициясын бекемдөө үчүн керектүү адистер, эксперттерди тартуу тапшырмасы берилди.

Мындан бир ай мурун Жогорку Кеңеш Кумтөрдөгү үлүштү көбөйтүү боюнча токтом кабыл алган. Токтомдо кыргыз өкмөтүнө “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр долбоорунда Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү тапшырмасы берилген. Бул үчүн 23-декабрга чейин мөөнөт чектелген. Эгер бул мөөнөт ичинде “Центерра Голд” бул сунушка макул болбосо өкмөт келишимден бир тараптуу чыгуу жараянын башташы керек.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG