Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Бишкекте Борбор Азиядагы диний кырдаал талкууланууда


“Борбор Азиядагы исламдын интеллектуалдык демилгелери”деп аталган эл аралык конференцияны “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору уюштуруп жатат. Аталган борбордун жетекчиси Кадыр Маликов "Азаттыкка” билдиргендей, конференцияда Борбор Азиядагы исламдын радикалдашынын себептери, эктремизм жана терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы исламдын ролу жана аймактагы коопсуздуктун сакталышындагы диний ишмерлердин орду сыяктуу суроолордун тегеренде талкуу жүрмөкчү. Конференцияга Казакстан, Орусия, Кытай, Иран, Пакистан, Ооганстан, Тажикстан жана жергиликтүү диний ишмерлер, эксперттер жана окумуштуулар катышууда. Талкуу соңунда атайын декларация кабыл алынат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG