Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Латвия президенти: Супермаркет трагедиясы - канкордук


Латвиянын президенти Андрис Берзинс Рига калаасында дүкөндүн чатыры кулаганда 54 кишинин набыт болушун атайылап киши өлтүрүүгө теңеди. 13төн 16га чейинки сандагы киши кыйрандынын астында кала берип жаткандыгы болжолдонууда, бирок Чукул жардам кызматынын башчысы Армандс Плоринс аларды тирүү куткарып калууга үмүт аз деди.

Супермаркеттин кулашынын себептери азырынча аныктала элек. Полиция имарат архитектуралык же курулуш мүчүлүштүгүнөн кулаган болушу мүмкүн экендигин боолгологон.

Ригадагы чоң дүкөндөрдүн биринин чатыры 21-ноябрда кечке жуук, эл көп чогулган маалда түшүп кеткен.

XS
SM
MD
LG