Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Ош - Эркеч-Там жолунан жүк ташуучу машинелер өтө албай турат


Коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууган Ош - Эркеч-Там жолу азырынча ачыла элек. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Алай районун Сопу-Коргон айылы туштан үч боз үй тигип, жолду бууган 50 жакын адам жүк ташуучу унааларды гана өткөрбөй жатышат. Жеңил машинелер жолдон тоскоолдуксуз өтүп жатат. Саат кечки 20га карай жолдун эки жагында 18 жүк ташуучу унаа өтө албай турат. Учурда Ош облустук милициясынын башчысы Ашым Тагаев нааразылык акциясына чыккандар менен сүйлөшүп, жолду ачууга үндөп жатат.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бүгүн түшкө жуук Ош - Эркеч-Там жолун торошкон. Алар депутат үй камагына чыгармайын бул жолду ачпай турганын билдиришүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG