Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Келдибековдун адвокаты шаардык сотко кайрылат


Коррупцияга шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун адвокаты Искендер Журабаев бүгүн Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Журабаев өзү билдирди. Анын айтымында, борбордун Октябр райондук соту депутаттын баш коргоо чарасын аныктоодо көптөгөн мыйзам бузууларга жол берди.

22-ноябрда Октябр райондук соту Акматбек Келдибековду эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Келдибеков жетекчилик кызматта турганда мамлекеттик казынага 30 миллион сомдон ашык каражат зыян келтирген деп айыпталууда.

Келдибеков жана анын тарапкерлери муну оппозициялык ишмердүүлүккө байланыштырып, саясий куугунтук катары баалап жатышат. Кечээтен бери камактагы депутаттын тарапкерлери Ош-Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан бууп турушат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG