Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Зомбулукту азайтуу боюнча акция башталды


Бүгүн - аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстанда 16 күндүк өнөктүк башталды. Аны өлкөдөгү аялдардын укугун коргоо тармагындагы бейөкмөт уюмдар, кризистик борборлор уюштурууда. Өнөктүк зордук-зомбулук тууралуу коомчулукка маалымат берүү жана зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүү максатын көздөйт. Өнөктүк алкагында өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөдөгү зордукту, кыз алуу качууну токтотууга арналган талкуу, флешмоб акция, семинарлар өткөрүлмөкчү.

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна кабыларын жарыялаган. Бирок зордук-зомбулуктун бардык эле түрлөрүнө кабылган кыз-келиндер тартип коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Ошол себептүү жоопкерчиликке тартылган учурлар абдан эле аз.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG