Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Ооганстан: Карзай АКШга шарт койду


Ооганстандын президенти Хамид Карзай АКШ менен коопсуздук боюнча келишимге кол коюну артка жылдырды. Карзайдын айтымында, АКШнын ооган жергесинде тынчтыкты орнотуу максатын талдоо үчүн убакыт керек. Ошондой эле ооган президенти америкалык аскерлер жергиликтүү тургундардын үйүнө кирип тинтүүсүн токтотушу керек деген да шарт койду.

Ошентип Карзайдын коопсуздук келишимине качан кол коёру белгисиз бойдон калууда. Буга чейин ал 2014-жылдын апрелиндеги президенттик шайлоого чейин келишимге кол койбой турууну сунуштаган. Бирок АКШ аталган келишим ушул жылдын аягына чейин ишке кириши керек деп билдирүүдө.

2014-жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин ооган жеринде калчу америкалык аскерлердин статусун аныктаган келишимди өлкөнүн аксакалдар кеңеши Лоя Жырга жекшембиде жактырды. Лоя Жырганын төрагасы Себгатулла Можадиди Карзайдын келишимге кол коюуну кечеңдетүүгө укугу жок экенин билдирип чыкты.

XS
SM
MD
LG