Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Украинада нааразылык митинги өттү


Жекшембиде Киевдин борбордук аянтында миңдеген кишилердин катышуусу менен митинг өттү. Алар украин өкмөтүнүн Евробиримдик менен Ассоциативдик келишимге кол коюну токтотушуна нааразылык билдирүүдө. Полиция өкмөт үйүн көздөй жарып өтүүгө аракет кылган митингчилер тобу менен кагылыштан соң көздөн жаш агызчу газ колдонду. Оппозициянын лидерлери бул акциянын токтобой турганын билдиришүүдө. Айрым митингчилер аянтта түнөп калуу үчүн чатырларды тигишти.

Өткөн аптада украин өкмөтү Евробиримдик менен түзүлчү келишимдерге даярдыктарды азырынча токтото турууну чечкен. Анын алдында парламент мурдагы премьер-министр, учурда камакта жаткан Юлия Тимошенкону чет өлкөдө дарылатуу жөнүндөгү сунушту четке каккан. Бул Евробиримдиктин Украина менен келишимге кол коюудагы негизги шарты эле. Аталган келишимге ушул аптадагы Вильнюстагы саммитте кол коюлмак.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG