Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Букаевдин өлүмүнө шектүү адам сурак берүүдө


Шоумен Бакыт Букаевди өлтүрдү деген шек менен кармалган жаран учурда милицияга сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, 24-ноябрда кармалган 27 жаштагы жаран Ош облусунун тургуну - Уланбек Худайбердиев. Ал Өзбекстандын Анжиян облусунда туулуп, 6 жашында ата-энеси менен Кыргызстанга келген.

Худайбердиев буга чейин Орусияда талап-тоноочулук кылганы үчүн бир жарым жыл камакта отурган. Ал жактан депортация болуп, Кыргызстанга быйыл, 28-октябрда келген. Учурда кармалган жаран Бакыт Букаевдин өлүмү боюнча сурак берүүдө. Тергөө иштеринде белгилүү болгондой, кылмыш талап-тоноочулук максатта жасалган.

Белгилүү алып баруучу, шоумен Бакыт Букаев ушул жылдын 13-ноябрында Бишкектеги батиринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Милиция аны өзүнүн жакындары өлтүргөн болушу ыктымал деп божомолдогон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG