Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Иранга каршы санкциялар жеңилдеши ыктымал


Европа биримдиги Тегеранга каршы киргизилген айрым санкцияларды жыл этегинде алып салышы ыктымал. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус билдирди.

Биримдиктин тышкы иштер министрлери бул маселени талкуулоо үчүн бир нече жумадан кийин жолугушмакчы. Жекшембиде Иран менен дүйнөлүк державалардын Женева сүйлөшүүлөрүндө Тегеран кээ бир ядролук ишмердигин токтотууга көнгөн. Ал үчүн санкциялар бир аз жеңилдемекчи. Женева келишими мунай баасынын дүйнөлүк рынокто арзандашына алып келди. АКШ өкмөтүнүн маалымат билдирүүсүнө ылайык, Иран алты ай ичинде 20 процентке чейин байытылган урандын концентрациясын азайтууга макул болду. Жогору байытылган уран курал жасоодо колдонулат. Ошондой эле Иран төмөн байытылган урандын запастарын көбөйтпөө, жаңы центрифугаларды орнотпоо жана Арактагы ядролук реакторду ишке киргизбөө милдеттенмесин алды.

XS
SM
MD
LG