Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Жол буугандар менен сүйлөшүүлөр уланууда


Алайда жол бууп отургандар менен сүйлөшүүлөр уланып жатат. Бүгүн түшкө жуук алар менен Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Бакыт Исаков, Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов барып жолуккандан соң жеңил зарыл жумуш менен кетип жаткан жолоочулардын унаалары өткөрүлдү. Жүк ташуучу машинелер коё берилген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Нурпазыл Каиров билдирди.

Учурда Ош-Эркеч-Там жолунун Сопу-Коргон айылына жакын жеринде 200 чамалуу чоң машинелер топтолуп турат.

Күбөлөрдүн жана милициянын маалыматы боюнча, жол бууп отургандар негизинен улгайган кишилер. Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдиргендей, нааразылыкка чыккандарга эч кандай күч колдонуу болбойт.

Жол торогондор жекшембиден бери Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун үй камагына бошотулушун талап кылышууда. Акция болуп жаткан аймакта азыр 200 чамалуу адам бар экени айтылууда.

Келдибеков коррупциялык иштерди жасаган деген айып менен 22-ноябрда эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG