Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:06

Жол буугандар менен вице-спикер жолугууда


Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова ушул тапта Ош-Эркеч-Там жолун бууп отургандар менен жолугууда. Депутат менен кошо өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков да барган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, алар нааразылык акциясына чыккандарды сабырдуулукка чакырып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Нурпазыл Каиров билдирди.

Күндүзү Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Бакыт Исаков, Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов жол буугандар менен барып жолуккан соң жеңил унаалар өткөрүлө баштаган. Жүк ташуучу машинелер коё берилген жок.

Акция Сопу-Коргон айылына жакын жерде болууда. Күбөлөрдүн айтымында, учурда 200 чамалуу машине топтолуп калган. Кишилердин саны да 200дөй экени кабарланууда.

Жол буугандар камактагы депутат Акматбек Келдибековду үй камагына бошотуу талабын коюп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG