Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Люблинодо жүргөн рейдде 700дөй киши кармалды


Орус баш калаасынын полициясы Люблино районундагы "Москва" деген соода борборундагы рейд маалында 700дөй кишини кармап кетти. Расмий булактар операция мыйзамсыз жүргөн мигранттарды издеп табууну көздөгөнүн айтышууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазганына караганда, тартип коргоочулар дүкөнгө кире бериштерди курчоого алып, ичиндеги адамдардын документтерин текшерип жатышты. Айрым адамдар тосмодон ашып түшүп качууга аракеттеништи, бирок полиция аларды кармап жатты. 20-ноябрда ушул эле жерде рейд болгон. Анда миңден ашуун киши полиция бөлүмүнө алынып кеткен.

Бүгүнкү кармалгандар арасында Кыргызстан жарандарынын бар-жогун Москвадагы элчилик учурда тактап жатат.

XS
SM
MD
LG