Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Алай: Келдибековдун тарапкерлери жолду ачышты


Коррупцияга шектелип, камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууган Ош - Эркеч-Там жолу ачылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бүгүн кечке жуук нааразылык акциясына чыккандар менен Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынтыкта, эки күндөн бери буулуп турган жол ачылды. Бирок Келдибековдун тарапкерлери өз талабын аткарууга бийликке үч күндүк мөөнөт чектешти. Алар үч күн ичинде Келдибеков үй камагына бошотулбаса, Ош-Эркеч-Там жолун кайрадан бууй турганын эскертишүүдө.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош-Эркеч-Там жолун жекшембиден бери бууп турушкан. Буга чейин буулган жолдун эки тарабында 200дөн ашык жүк ташуучу унаа өтө албай турганы кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG