Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Сирия боюнча жыйын январда өтөт


БУУ Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы 22-январда Женевада өтөөрүн билдирди.

Баш катчы Пан Ги Мундун маалымат катчысы белгилегендей, жыйын “Сирия элинин мыйзамдуу мүдөөсүнө жооп берген бийликти тынч өткөрүүнүн жолдорун табууга” аракеттенмекчи. Бирок жолугушууга кимдер катышаары билдирүүдө айтылган жок. Орусия ага Иран да катышсын деп келет.

Бирок буга АКШ менен Батыш өлкөлөрү каршы болууда. Оппозициядагы Сириянын Улуттук Коалициясы президент Башар Асад бийликтен кетсе гана жыйынга катышаарын ырастоодо. Өкмөт болсо бул шартты четке кагууда. 2011-жылдын март айында башталган жарандык согуш 100 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогону жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG