Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Кыргыз поэзиясы Британияда жаңырат


Британиянын эн белгиси болгон Биг Бен саат мунарасы, Лондон. 3-октябрь, 2010-ж.
Британиянын эн белгиси болгон Биг Бен саат мунарасы, Лондон. 3-октябрь, 2010-ж.
Улуттук адабият күнүн утурлап, Лондондо кыргыз акыны Бүбайша Арстанбекованын 29-ноябрда адабий кечеси өтөт. Анда акын британ күйөрмандарына өзүнүн жаңы ырларын окуп, Кыргызстандагы адабият, көркөм өнөр жана маданият жаатындагы азыркы абал тууралуу маек курат.

Датка псевдоними менен белгилүү акын "Карегимде Ата-Журт" жана "Сага" ырлар жыйнагы менен эл оозуна алынган. Арстанбекова Ош областынын Өзгөн районундагы Токтогул айылында туулган. Акындын бир нече ырлары орус тилинде да жарык көргөн.

Акыркы ирет Лондондо кыргыз поэзия кечеси 2011-жылы өткөн. Англияда кыргызстандык жаш акын Лилия Когайдын "Уламыш сыңары кыял кетти..." ("Как миф уходит мечта...") аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары алкагында бишкектик акын британиялык окурмандары менен жолуккан.

Акыркы жылдары англис-тилдүү окурмандардын арасында кыргыз адабиятына болгон кызыгуу артып, быйыл Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун "Эрика Клаустун 13 кадамы", "Шахидка", "Мунабия", Рахим Каримовдун "Камила" жана Бегнас Сартовдун "Мамыры гүлдөгөн маалда" китептери англис тилинде жарык көрдү.

Алардан тышкары, кыргызстандык жазуучулар Шахсанем Мюррейдин (Мүррей) жана Нур Мухамад Карахандын чыгармалары британ окурмандар арасында чоң талкуу жараткан.

Ушул айдын башында Турусбек Мадылбайдын "Toktogool – Liverpool" ("Токтогул – Ливерпуль") рок-романы Британияда өткөн көркөм адабий сынакта кара сөз чыгармалар категориясында экинчи орунга ээ болду. Которуу категориясында кыргызстандык профессор Рахима Абдувалиеванын "Маймыл кыз жана сумке" жомогу үчүнчү орунду алды, ал эми бишкектик 20 жаштагы сүрөтчү Ирина Гоголдун "Деңиз үлүлү" сүрөтү иллюстрация категориясында экинчи орунга ээ болгон.

Улуттук адабиятты сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында үч жыл мурда Улуттук адабият күнүн ар жылы 12-декабрда белгилөө токтому кабыл алынган. (BAz)

XS
SM
MD
LG