Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Психикалык саламаттыкка арналган көргөзмө ачылат


Психикалык саламаттык сактоого арналган фото көргөзмө Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде өтмөкчү. Көргөзмө мындай илдеттердин алдын алуу максатын көздөйт. Анда өлкөдөгү психиатриялык мекемелерде дарыланган бейтаптардын жашоо-турмушун чагылдырган сүрөттөр коюлмакчы.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө 450 миллиондон ашык адам психикалык оорулардан жабыркайт. Ал эми Кыргызстанда расмий маалымат боюнча, 63 миңге жакын адам психикалык жактан оорулуу деп табылган. Бирок өлкөдө жыл өткөн сайын психикалык дартка кабылгандар көбөйүп, айрыкча бул дарт жаштар арасында жайылып бара жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG