Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Обама өзөктүк программа боюнча келишимди коргоодо


АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада кабыл алынган Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимге карата айтылган сынды четке какты. Дүйшөмбүдө Сан-Францискодо сүйлөп жатып “саясат үчүн келишимди сындап коюу оңой, бирок ал сын биздин коопсуздугубуз үчүн пайда алып келбейт” деп билдирди. Ага чейин АКШнын өнөктөшү Израил жана Республика партиясындагы бир катар конгрессмендер Иран менен келишимге макул болгонун сындап чыккан.

Жекшембиде Женевада АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Германия жана Франция кирген алтылык менен Иран өзөктүк программа боюнча макулдашууга жетишкен. Макулдашууга ылайык, Иран уранды байытууну белгилүү бир чектен ашырбоо милдеттенмесин алган. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү бир катар санкцияларды алып салышы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG