Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Бишкек-Каракол жолунда унаалар топтоло баштады


Саруу айылынын тургундары Бишкек Каракол жолун торошту. Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы Кашат көпүрөсүнүн үстүнө таштар тизилип, унаалар өткөрүлбөй жатат.

Акция уюштуруучулары 7-октябрда Караколдо болгон митинг үчүн камалгандарды бошотуу талабын коюп жатышат. Кабарчыбыздын айтымында, жол тороого жүздөй адам чыккан, жарымы атчан. Негизинен, Саруу айылынын тургундары.

Октябрда Каракол шаарында Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында. Саруу айылынын тургундары ошондон бери аларды бошотуу талабы менен митинг өткөрүп келишет. (MK\SE)

XS
SM
MD
LG