Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Обама Иран менен келишимди коргоду


АКШ президенти Иран менен түзүлгөн жаңы эл аралык ядролук келишимди сынчылардан коргоду.

Барак Обама 25-ноябрда Сан-Францискодо сүйлөп: ”Катаал сүйлөшүү жана көйрөңдөнүү саясий жактан жеңил болушу мүмкүн, бул бирок биздин коопсуздугубузга ылайыксыз нерсе,”-деди. Вашингтондун союздашы Израил, ошондой эле АКШ Конгрессинин кээ бир республикачыл мүчөлөрү Ак үйдүн Иран менен келишимге барышын сындашкан эле.

Обама аларга: “Иран бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, дүйнө коомчулугуна кошулууну тандаса, биз узак-узак жылдардан бери биздин эки өлкө арасында өкүм сүргөн ишенбөөчүлүктөн арыла баштайбыз. Ал жеңил болбойт, ортодо олчойгон проблемалар болот. Бирок биз дипломатияга эшикти жаап сала албайбыз,”-деп жооп кайрыды.

Иран менен дүйнөнүн алты бакубат өлкөсү макулдашкан утурумдук келишимге ылайык, Тегеран ядролук программасынын айрым багыттарын убактылуу токтотот. Анын ордуна Иранга каршы санкция бир аз жеңилдетилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG