Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Сириядагы согуш Иракта терроризмди ырбатууда


Сириядагы коогалаң Ирактагы террорчулукту жана жаатчылык жаңжалын күчтөндүрүүдө. Улуттар Уюмунун чабарманы Николай Младеновдун Коопсуздук кеңешинде айтышынча, Сириядагы куралдуу жаңжалды басуу жана экстремизмге каршы туруу үчүн регионалдык стратегияны иштеп чыгуу Иракта “стабилдик орнотуу үчүн абдан маанилүү".

Болгариянын мурдагы тышкы иштер министри Младенов Иракка Сириядагы согуштан качып, 200 миңден ашуун бозгун өткөнүн, алардын көбү Күрдистан аймагынан башпаанек тапканын белгиледи. "Куралдуу экстремисттер коопсуздуктун начарлашын жана ирак саясатчылары арасындагы тирешүүнү пайдаланып, жаатташтык чатагын дагы ырбатканга аракет кылышууда"-, деп кошумчалады Младенов. Улуттар Уюмунун эсебинче, июль-октябрь айларында Иракта түрдүү чабуулдардан 9 миңдей жаран, аскер жана полициячы өлгөн. Көпчүлүк чабуулдар үчүн жоопкерчиликти экстремисттер өздөрүнө алган.

XS
SM
MD
LG