Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:46

Жол буугандар Каптагаевди күтүп жатышат


Бишкек-Каракол жолун бууп отургандар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди күтүп жатышат. Алар облус жетекчиси келип, мамлекеттик телеканалдар аркылуу нааразылык акциясына чыккандарга түз эфир уюштуруп беришин талап кылышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” акция катышуучуларынын бири Абай Узаков билдирди.

Облустук бийликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Эмилбек Каптагаев башка жумушчу пландарына байланыштуу акция катышуучуларына барган жок.

Жол Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы Кашат көпүрөсүнүн үстүнөн таштар менен буулган. Оорулуу жүргүнчүлөрү бар унаалар гана өткөрүлүүдө. Эки жакка ондогон машиналар топтолуп калганын райондук акимчиликтен кабарлашты.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы октябрь айында Каракол шаарында уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында. Аларды бошотуу талабы менен Саруу айылынын тургундары эки айга чукул убакыттан бери нааразылык акцияларын уюштуруп келет. Алар бул аракеттерин камактагы айылдаштарын колдоо деп негиздешет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG