Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Орусияда бойдон алдырууну рекламалоого тыюу салынды


Президент Владимир Путин аялдардын бойдон алдыруусун рекламалоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Мыйзам долбоорун Орусиянын Мамдумасы жана Федерация кеңеши ноябрда бекиткен болчу.

Аялдардын укуктарын коргоочулардын айтышынча, мындай кадам аялдардын төрөө укугун бузат. 1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан бери Орусияда аялдар бойдон бүтүрбөөчү дарыларды колдонууга кеңири мүмкүндүк алганга байланыштуу жана диний ишенимден улам бойдон алдыруу азайган. Бирок бойго бүткөн баланы беш жумага жеткирбей алдырып салуу боюнча Орусия дүйнөдө алдыңкы орундагы өлкөлөргө кирет.

Путин 14 жыл бийлик башында турганда Орусиянын калкынын азайышын токтотууга көп далалат кылууда; Орус Ортодокс чиркөөсү ташбыйкаттаган үй-бүлөлүк баалуулуктарды коомдо жайылтууда. Өлкөдө үй-бүлөлөрдү көп балалуу болууга кызыктыруу үчүн финансылык жардам көбөйтүлгөн жана көп балалуулукка үгүттөгөн өнөктүктү өкмөт өзү каржылайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG