Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Түштүк Кореяда кыргыз жаңгагы сатыкка чыкты


26-ноябрдан тарта Түштүк Кореядагы эң ири “Е-Март” соода борборлорунда Кыргызстандан ташылып барган жаңгак сатыла баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандан ташылган жаңгактын алгачкы партиясы кыска убакыт ичинде сатылып кетти. Ошондуктан, мындан ары Кыргызстандан түзмө-түз сатып алына баштады. Жаңгак алгач Кыргызстанда тазаланып, андан соң Кореяга жөнөтүлөт.

Мындан ары корей ишкерлери Кыргызстандын бал, кургатылган жер-жемиштин башка түрлөрүн да сатып алууну пландап жатканын элчиликтен кошумчалашты. (BkA)

XS
SM
MD
LG