Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Үй-бүлөдөгү зомбулуктан 11 аял каза болгон


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Алмаз Молдакматов билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 2162 факт катталган. Алардын 146сына кылмыш иши козголду. Бул иштердин ичинен 11 аял күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза болгон.

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн 16 күндүк өнөктүгү жарыяланган. Өнөктүк алкагында өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөдөгү зордукту, кыз алуу качууну токтотууга арналган талкуу, флешмоб акция, семинарлар өткөрүлүүдө.

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна кабыларын билдирген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG