Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Карзай АКШга шарт койду


Ооган президенти Хамид Карзай АКШ менен коопсуздук келишимине Кабулдун эки талабы аткарылса гана кол коёрун билдирди. Бул тууралуу Карзайдын “Азаттыктын” ооган кызматына маегинде талап катары америкалык аскерлер оогандыктардын үйлөрүнө рейддерди токтотушун жана АКШ чыныгы тынчтык жараянын баштоосу керек деп билдирди.

Буга чейин Карзай Ооганстандагы 2014-жылдын апрелиндеги президенттик шайлоого чейин келишимге кол койбой тураарын билдирген. 2014-жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин ооган жеринде калчу америкалык аскерлердин статусун аныктаган келишимди өлкөнүн Лоя Жырга деп аталган элдик кеңеши жекшембиде жактырган болчу. АКШ тарап болсо Карзайды келишимге ушул жылдын аягына чейин кол коюуга чакырган.

XS
SM
MD
LG