Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

“Ош шейиттеринин” жетекчиси камалды


“Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева бирөөнү сабады деген айып менен 26-ноябрь күнү 48 саатка камалды. Азыр Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Айтиеванын үстүнөн Оштун Кара-Суу көчөсүнүнүн тургуну даттанган. Арыздын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси, денеге анча оор эмес зыян келтирүү боюнча кылмыш иши козголгон. Азырынча Айтиеванын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Милициянын маалыматына ылайык, Айтиеванын үстүнөн буга чейин деле бир канча жолу арыз түшүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен иш жабылып келген.

Тургунайым Айтиева Ош окуясынан соң “Ош шейиттери” коомдук уюмун ачып, коогада жабыркагандарга батир, компенсация алуу боюнча жардам берип жүргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG